EN KG RU
“Альянс Алтын” компаниясы мектеп окутуучуларын мугалимдер күнү менен куттуктады

11.10.2018

«Жерүй” алтын кенин иштетүү укугуна ээ болгон “Альянс Алтын” компаниясы жыл сайын Бекмолдо айыл аймагына караштуу төрт мектептин жетекчилери менен биргеликте өз иштеринде артыкчылыкты көрсөтүшкөн окутуучуларды аныктап, мугалимдер күнүндө аларды куттуктоону салтка айландырган.

Бул жылдын эсебинен Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектептен Д. Султанова, Б. Камчыбекова, О. Качкыналиев, А. Борубаев атындагы орто мектептен Н. Субанбекова, А. Баялиева, Д. Сейдакматов, Хан-Бургө атындагы орто мектептен К. Тагайматов, С. Керимбекова, Г.Орозалиева атындагы орто мектептен С. Баймырзаева, Н. Үмөткуловалар мектеп жамааттарынын атынан мыкты окутуучулар деп табылышкан. 5-октябрда “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлдөрү Бекмолдо айыл аймагынын башчысы К. Молдобеков менен биргеликте жогоруда алдыңкы деп табылган мугалимдерге салтанаттуу шартта акчалай сыйлыктарды тапшырып, окутуучулардын түмөн түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалашты.