EN KG RU
Жерүйдө санитардык-экологиялык абал баардык нормаларга жооп берет

17.05.2019

«Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен Талас райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 15-майда “Жерүй” алтын кенинде санитардык, экологиялык нормалардын сакталышы боюнча атайын текшерүү жүргүзүштү. Буга акыркы убактарда социалдык тармактарда атайын жергиликтүү эл арасын дүрбөлөңгө салуу максатында “Жерүйдө санитардык-экологиялык абал кескин бузулууда деп таратылып жаткан негизсиз ушак-айыңдар себеп болгон.

Кен чыгуучу аймакта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышкан подряддык ишканалардагы абал менен жеринен Талас районунун акими Дамир Сыдыков баштаган комиссия мүчөлөрү: райондук күч түзүмдөрдүн башчылары, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жетекчиси, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы, тоо-кен байлыктары боюнча комитеттин төрагасы таанышып чыгышты.

Текшерүү убагында Жерүйдө иш алып барып жатышкан бир-эки подряддык ишканада майда кемчиликтер аныкталганы болбосо, жалпысынан иш ыргагында санитардык, экологиялык нормалардын мыйзам чегинде сакталуусу аныкталды. Ишмердүүлүгүндө майда кемчиликтер кетирилип жаткан ишканалардын жетекчилерине баардык кемчиликтерди тез арада жою тапшырмасы коюлуп, ушундай текшерүүлөр байма-бай өткөрүлүп турары эскертилди.

Өз кезегинде “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлдөрү кендин аймагындагы санитардык-экологиялык абал күн сайын текшерүүдөн өткөрлүп, тиешелүү адистер тарабынан ар бир подряддык ишкананын алып барып жаткан иштери тыкыр көзөмөлдөнүп турарын билдиришти.