EN KG RU
“Альянс Алтын” компаниясы Талас районунун аймагында тазалык жана жашылдандыруу иштерин колго алды

10.04.2018


7-апрель күнү “Альянс Алтын” компаниясы “Жерүй” алтын кени жайгашкан аймака жакын турган “Чон Чычкан” дарыясынын жээгинде тазалоо иштерин жүргүзүп, Кара-ой айылынан руднике чейинки жол жээгине күмүш теректин жана ак кайыңдын көчөттөрүн олтургузду.

Бул иш чарага ишкананын кызматкерлери менен бирге КР энергетика, өнөр жай жана тоо кен комитетинин төрага орун басары А. Сапаралиев, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобеков, айылдык кеңештин депутаттары жана Кара-Ой айылындагы А Бөрүбаев атындагы орто мектептин окуучулары, мугалимдери катышты.   

Тазалык, жашылдандыруу акциясынын жүрүшүндө Кара-Ой айылынан кендин аймагына чейинки  4 чакырымдан ашык  аралыктагы жол жээги таштандылардан тазаланып, “Чоң-Чычкан дарыясынын жээгине 1000ден ашык күмүш теректин, ак кайыңдын көчөттөрү олтургузулду. “Альянс Алтын” ишканасынын  Башкы директорунун орун басары К. Мусаевдин айтымында компания айлана-чөйрөнү сактоону өз ишмердигинин негизги багыты катары карайт.

Бул иш-чара дагы ишкананын “Экологияны сактоо” программасынын негизинде ишке ашырылды. Мындан ары дагы “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому КР “Жаратылышты коргоо мыйзамын” жетекчилике алуу менен алтын кендин аймагындагы экологиялык шартты жакшыртуунун үстүндө иш алып барат.