«Альянс Алтын» компаниясы спорттун өнүгүшүн колдоону жана Кыргызстанда спортчулардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга шарттарды түзүүнү улантууда.
Көзү азиз паратриатлет спортчу Камчыбеков Дастанга толук кандуу жана коопсуз даярдануусу үчүн чуркоо жолчосу берилди. Анын ичинде спортчуга жана анын жубайына компаниябыздын фирмалык символикасы түшүрүлгөн спорттук форма да тапшырылды.
Дастан менен таанышуу «Манас Деми» жарым марафонунда болуп өткөн, анда ал ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын арасында экинчи орунду ээлеген.
Жеңилдик бергендиги жана кошумча белек түрүндө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Genau спорт дүкөнүнө өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Спортту, анын ичинде параспортту колдоо компаниянын социалдык жоопкерчилигинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
«Альянс Алтын» мындан ары да ден соолукту чыңдоого, эркти күчтөндүрүүгө жана бардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган демилгелерди өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Биз эрктин күчүнүн чеги жок деп ишенебиз.