17-апрелде Талас шаарында өспүрүмдөр арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча «Альянс Алтын» кубогу башталды. Эки күнгө созулган мелдешке 300дөн ашуун жаш балбандар катышып, күч сынашууда.
Ачылыш аземине белгилүү спортчулар — Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков, Раззак Бейшекеев жана Алмаз Бекзат уулу катышып, жаш балбандарга дем-күч беришти. Чемпиондор мастер-класстарды өткөрүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучулар үчүн маанилүү мотивация булагы болду.
«Альянс Алтын» компаниясы үчүн бул мелдеш жаштар арасында спортту өнүктүрүүгө жана күрөштү жайылтууга багытталган маанилүү демилгелердин бири болуп саналат. Быйыл «Альянс Алтын» кубогу үчүнчү ирет өткөрүлүүдө.
Компания социалдык жоопкерчилик алкагында Талас облусунда спортту колдоого өзгөчө көңүл буруп, жаш муундун өнүгүүсүнө жана келечектеги чемпиондорду тарбиялоого багытталган долбоорлорду ырааттуу ишке ашырып келет.