, Кыргызстан

Тендеры

[MFC-2026-0002] [1] Оказание услуг по заправке и восстановлению картриджей для принтеров и многофункциональных устройств.

Тендеры

[MFC-2026-0002] [1] Оказание услуг по заправке и восстановлению картриджей для принтеров и многофункциональных устройств.

Назад
27.05.2026 События

Забота о здоровье старшего поколения: бесплатный медприём в Таласском районе

«ҮЗҮР» коомдук кайрымдуулук фонду «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эгидасы астында Талас районунун улгайган тургундарын акысыз медициналык кабыл алууга чакырат.

 

Кабыл алуу алдын ала жазылуу аркылуу жүргүзүлөт, бул узун кезектерди болтурбоого жана ар бир бейтапка жетиштүү убакыт бөлүүгө жардам берет.

 

🗓 2026-жылдын 30-майынан 3-июнуна чейин

⏰ Саат 9:00дөн 16:30га чейин

👉 (Түшкү тыныгуу саат 13:00дөн 13:30га чейин)

📍 Талас району, Манас айылы, ГСВ №6

 

👥 Кимдер катыша алат?

60 жаштан жогору жарандар гана кабыл алынат.

 

Кабыл алууда төмөнкү адистер кызмат көрсөтүшөт:

– Уролог

– Маммолог

– Терапевт

– Кардиолог

– УЗИ дарыгери

– Офтальмолог (көз текшерүү жана көз айнек даярдоо менен)

 

Ошондой эле кан жана заара боюнча лабораториялык анализдер жүргүзүлөт.

 

❗️ Милдеттүү түрдө алдын ала жазылуу керек.

 

Узун кезектер болбошу үчүн жана сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн алдын ала колл-борбор аркылуу жазылыңыз:

📞 0776 96-04-12

 

Биз улуу муундун ден соолугуна өзгөчө кам көрөбүз. Ар бириңиздер сапаттуу кароодон өтүп, дарыгерлердин кеңешин ыңгайлуу шартта алуусун каалайбыз.

Улгайган ата-энелерибиздин ден соолугу үчүн бирге кам көрөлү!

Сиздерди 30-майдан 3-июнга чейин күтөбүз 💛