Бишкекте мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана эксперттердин башын бириктирген Data Protection Forum 2026 форуму өттү. Анда жеке маалыматтарды коргоо, санариптик ишеним жана маалыматтык коопсуздук маселелери негизги темалар болду.
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик «Альянс Алтын» компаниясынын өнөктөштүгү менен уюштурган форумда Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн эксперттери санариптик коопсуздук, жасалма интеллектке байланыштуу тобокелдиктер жана бүгүнкү күндө маалыматтар менен иштөө кандай жолго коюлушу керектиги тууралуу пикир алышты.
Катышуучулар бул тобокелдиктердин көбүн иш жүзүндө көрө алышты. Форумда заманбап технологиялар аркылуу дипфейктерди түзүү, адамдын үнүн көчүрүү жана санариптик түгөйлөрдү жасоо мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле ири уюмга кибер чабуул жасоо, аны аныктоо жана чабуулдун жайылышын токтотуу жолдору көрсөтүлгөн мисал сунушталды.
Форумдун алкагында Data Protection Awards Kyrgyzstan сыйлыгын тапшыруу аземи да өтүп, анда жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы жетишкендиктери үчүн уюмдар жана адистер сыйланды. «Альянс Алтын» ЖЧКсы «Мыкты купуялык саясаты» наамында жеңүүчү болду.
Бул сыйлык компаниянын жеке маалыматтардын купуялуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иши үчүн ыйгарылды.
«2023-жылдан бери Агенттик мамлекеттик органдарга жана ишкердик субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүп келет. Биз текшерген компаниялардын ичинен “Альянс Алтын” жеке маалыматтарды сактоо жана купуялык саясаты боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Компаниянын кызматкерлеринин жана өнөктөштөрүнүн маалыматтары ишенимдүү сакталат, ал эми алар менен иштөө маалыматтык коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берет», — деп белгиледи Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Кылымбек Мадалбеков.
«Альянс Алтын» компаниясында өндүрүштүк жана башкаруу процесстери санариптешкен сайын маалымат менен иштөөгө коюлган ички талаптар да күчөтүлүп жатканын белгилешет. Кызматкерлердин жана өнөктөштөрдүн маалыматтарынын купуялуулугун сактоо — ишкананын корпоративдик коопсуздук системасынын бир бөлүгү.