19-сентябрда Манас Ордодо Таластагы маанилүү спорттук иш-чаралардын бири «Манас Деми — 2026» жарышы өттү.
Катышуучулар 21,1 км, 10 км, 3 км жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер 1 км аралыкка чуркашты. Ал эми эң жаш спортчулар «Манас Деми — Балакай» жарышына катышты.
Бул бир күндүк иш-чаранын артында бир нече айлык даярдык жана чоң команданын эмгеги турду. Трассаны жана старт шаарчасын даярдоо, калыстык, коопсуздук, медициналык жардам, ыктыярчылардын иши, өнөктөштөр, концерттик программа жана кадр сыртында калган жүздөгөн майда-барат иштер — мунун баары «Манас Деми» үчүн жасалды.
Ал эми бул күндүн өзөгүндө стартка чыккан катышуучулар, аларга дем бергендер, финиште күткөндөр жана ошол күндүн өзгөчө маанайын жараткан ар бир адам турду.
«Манас Деми — 2026» иш-чарасынын бир бөлүгү болгон ар бириңиздерге рахмат!
Жаңы старттарда кайрадан жолукканча.