Жаңылыктарга кайтуу
«Группа Альянс» АКнын президенти Муса Бажаев III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
Сыйлангандардын арасында «Группа Альянс» АКнын президенти Муса Юсупович Бажаев да бар. Ал Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
«Альянс Алтын» жамааты үчүн бул сыйлык өзгөчө мааниге ээ. Компания көп жылдан бери Кыргызстандын, өзгөчө «Жерүй» алтын кенин иштетүү долбоору ишке ашырылып жаткан Талас облусунун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө салым кошуп келет.
Бул иштин масштабы конкреттүү көрсөткүчтөрдөн даана көрүнөт. 2015-жылдан 2026-жылдын август айына чейин «Альянс Алтын» тарабынан төлөнгөн салыктардын көлөмү 57,6 млрд сомдон ашты. Ал эми 2026-жылдын январь–август айларында эле компания мамлекеттик бюджетке 17,6 млрд сомдон ашык каражат которду.
Компаниянын ишмердигиндеги маанилүү багыттардын бири, иш алып барган аймактарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү. 2021-жылдын апрель айынан тартып жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө багытталган, компаниянын кирешесинин 2% өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн жалпы көлөмү 3,4 млрд сомдон ашты. Анын ичинен 1,7 млрд сомдон ашыгы Талас облусун өнүктүрүү фондуна, 1,02 млрд сомдон ашыгы Талас районун өнүктүрүү фондуна жана 682,7 млн сомдон ашыгы Шумкар-Уя айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна багытталды.
Аймакка кошкон салымдын дагы бир маанилүү багыты – туруктуу жумуш орундарын түзүү. 2026-жылдын август айына карата «Жерүй» Талас алтын кен комбинатында 969 адам эмгектенет. Алардын 680и, башкача айтканда, жалпы жамааттын 70 пайызы Талас облусунун тургундары. Алардын арасында Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн 289 тургуну бар.
Салыктык түшүүлөр, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана социалдык долбоорлор «Альянс Алтындын» аймактын өнүгүүсүнө кошкон узак мөөнөттүү салымын айгинелейт. Ошол эле учурда компания өндүрүштү өркүндөтүүнү улантып, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукка, айлана-чөйрөнү коргоого, ошондой эле жергиликтүү коомчулук менен жоопкерчиликтүү кызматташууга өзгөчө көңүл буруп келет.
«Альянс Алтын» жамааты Муса Юсупович Бажаевди III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышы менен куттуктайт. Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө жана жыргалчылыгына багытталган иштеринде мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана жемиштүү эмгекти каалайбыз.