Бүгүн «Альянс Алтын» компаниясы негизделгенинин 11 жылдыгын белгилеп жатат. Бул убакыттын ичинде компания өндүрүштү ишке киргизүүдөн баштап, өлкөнүн тутум түзүүчү ишканаларынын бирине — ири салык төлөөчүгө, туруктуу жумуш берүүчүгө жана мамлекеттин ишенимдүү өнөктөшүнө айланганга чейинки жолду басып өттү.
2015-жылдан бери «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине дээрлик 50 миллиард сом которду. Ал эми 2026-жылдын алгачкы айларында эле бул сумма 9,5 миллиард сомдон ашты. Бул каражаттар ар бир кыргызстандык үчүн маанилүү болгон багыттарга: пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө, жолдорду курууга жана кармоого, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүүгө жумшалат.
Ишибиздин өзүнчө бир багыты — Талас облусуна кам көрүү. Компания «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду аркылуу аймактын социалдык жана экономикалык туруктуулугуна системалуу түрдө ресурс жумшап келет. 2016-жылдан баштап, Талас облусун колдоо үчүн «Альянс Алтын» компаниясы Фондго 1 млрд 350 млн сом которгон.
Фонд облус боюнча жалпы суммасы 698 млн сомду түзгөн 749 долбоорду каржылады. Алардын ичинен Талас району алдыга чыкты (141 млн сомдук 138 демилге), ал эми Талас шаары 130 млн сом алды. Айтматов жана Бакай-Ата райондоруна тиешелүүлүгүнө жараша 98 млн сом жана 81 млн сом, Манас районуна — 65 млн сом (59 долбоор), ал эми Шумкар-Уя айылына — 31 млн сом (54 долбоор) багытталды. Дагы 152 миллион сом бир эле учурда бүтүндөй аймакты камтыган ири программаларга жумшалды.
Инвестициялар негизги тармактар боюнча бөлүштүрүлгөн: социалдык коргоого, билим берүүгө жана мектептерди оңдоого, саламаттыкты сактоого, маданият жана спортко, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө, таза суу менен камсыздоого жана жол инфраструктурасын жаңыртууга.
Айыл чарбасын, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн Фонд тарабынан берилип жаткан кайтарымдуу насыялык каражаттар колдоонун натыйжалуу куралы болуп калды. Өнөктөш банктык программалар аркылуу дээрлик 5 миң адам жалпы суммасы 1,2 млрд сомду түзгөн жеңилдетилген насыяларды алышты. Мындан тышкары, 33 жергиликтүү ишкер түз каржылоо түрүндө колдоого ээ болду — «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун түз каржылоо багыты боюнча алардын өз ишин баштоосуна жана кеңейтүүсүнө 189 млн сом бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө «Жерүй» кенинде 1000ден ашык адам эмгектенет. Ал эми өндүрүш тилкесинин аймагында кызмат көрсөткөн жана жумуштарды аткарган 25 подряддык уюмдун жумушчуларын эсепке алганда, 2000ден ашык адам жумуш орду менен камсыз болгон. Алардын басымдуу бөлүгү — Талас облусунун тургундары. Алар үчүн бул — туруктуу киреше, социалдык кепилдиктер жана туулган жеринен кетпей эле келечекти куруу мүмкүнчүлүгү.
Экологиялык жоопкерчилик — компаниянын дагы бир артыкчылыктуу багыты. Айлана-чөйрөнү коргоого жүздөгөн миллион сом инвестицияланды: суу ресурстарын коргоого, абанын сапатын көзөмөлдөөгө, жерлерди рекультивациялоого (калыбына келтирүүгө), ошондой эле кендин жана Талас облусунун аймагындагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жумшалды. Өндүрүш процесстери туруктуу экологиялык мониторинг менен коштолот, ал эми «Жашыл Мурас» улуттук программасынын алкагында компания жыл сайын бак-дарактарды отургузууга катышып, келечек муундар үчүн жаратылыш тең салмактуулугун сактоого өз салымын кошуп келет.
Биргелешип иштеген 11 жылдын ичинде «Альянс Алтын» компаниясы ири өнөр жай ишканасы натыйжалуу өндүрүшчү гана эмес, ошондой эле жоопкерчиликтүү коңшу да боло аларын иш жүзүндө далилдеди. Биздин максатыбыз өзгөрүүсүз калат — ачык-айкын иштөө, аң-сезимдүү өнүгүү жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө, анын жарандарынын бакубаттуулугуна реалдуу салым кошуу.