Бүгүн «Альянс Алтын» компаниясы маанилүү өндүрүштүк маарекесин — Алтын ылгоочу фабриканын ишке киргизилгендигинин
5 жылдыгын
белгилөөдө.
Ишмердүүлүк жүргүзгөн жылдар аралыгында компания Кыргызстандын бюджетине
45,6 миллиард сомго жакын
каражат которуп, өлкө экономикасына олуттуу салым кошту. Бул көрсөткүчтөрдүн артында ишкананын туруктуу иши, заманбап технологияларды өндүрүшкө киргизүү жана өнөр жай коопсуздугунун жогорку стандарттарын сактоо турат.
Мындай натыйжалар бүтүндөй эмгек жамаатынын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана бир багыттагы тыгыз иш алып баруусунун аркасында мүмкүн болду.
Бардык «Альянс Алтын» командасын маанилүү маарекеси менен куттуктайбыз жана мындан аркы өсүп-өнүгүүнү, туруктуулукту туу тутуп, жаңы ийгиликтерге жетишин каалайбыз!