Жаңылыктарга кайтуу
23.09.2026 Куттуктоо

Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен!

Урматтуу мекендештер!
«Альянс Алтын» компаниясы сиздерди аяк оона айынын 23ү — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Кыргыз тили — элибиздин тарыхын, маданиятын, дүйнө таанымын жана руханий мурасын муундан муунга жеткирген баа жеткис дөөлөт. Эне тилибизди урматтоо, аны өнүктүрүү жана күнүмдүк жашоодо кеңири колдонуу — ар бирибиздин жалпы милдетибиз.
Мамлекеттик тилибиздин кадыр-баркы мындан ары да өсүп, кыргыз тили коомубуздун өнүгүүсүнө, ынтымагына жана келечегине кызмат кыла беришин каалайбыз.
Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен!