, Кыргызстан

Тендерлер

[MFC-2026-0002] [1] Оказание услуг по заправке и восстановлению картриджей для принтеров и многофункциональных устройств.

Тендерлер

[MFC-2026-0002] [1] Оказание услуг по заправке и восстановлению картриджей для принтеров и многофункциональных устройств.

Вам может быть интересно

Назад
03.04.2026

Талас облусунда Кыргызстандын кайра калыбына келүүчү энергетика тармагындагы негизги долбоорлорунун бири

Талас облусунда Кыргызстандын кайра калыбына келүүчү энергетика тармагындагы негизги долбоорлорунун бири — «Жерүй» чакан гидроэлектростанциялар комплексинин курулушуна старт берилди.
Мезгил кутусун (капсула) салуу аземи 2-апрелде келечектеги энергетикалык объекттин аянтчасында мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү институттарынын жана долбоордун өнөктөштөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Долбоор Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Альянс Алтын» компаниясынын жана «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКнын катышуусу менен «Альянс Гидро» ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылууда. Инвестициянын жалпы көлөмү 39,2 миллион АКШ долларын түзөт.
Жалпы кубаттуулугу 24 МВт чейин жеткен чакан ГЭСтер комплекси жылына болжол менен 80 миллион кВт·саат электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Долбоор аймактын энергетикалык туруктуулугун чыңдоого, учурдагы тармактарга болгон жүктөмдү азайтууга жана кайра калыбына келүүчү булактардан энергия өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Бул долбоордун ишке ашырылышы Талас облусунун инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам, ошондой эле жашыл энергетика тармагында мамлекет менен бизнестин натыйжалуу кызматташтыгынын үлгүсү болуп калат.