Кыргыз Республикасынын Конституциясы — эгемен мамлекетибиздин укуктук негизи, коомдук туруктуулуктун, адилеттүүлүктүн жана жарандардын укук-милдеттеринин башкы кепилдиги.
Баш мыйзам мамлекет менен коомдун өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктап, адилеттүү коом курууга, улуттук биримдикти бекемдөөгө жана эгемендүүлүктү чыңдоого кызмат кылат.
«Альянс Алтын» компаниясы жалпы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт.
Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, ынтымак жана туруктуулук өкүм сүрүп, Баш мыйзамыбыз мамлекетибиздин өнүгүүсүнө, элибиздин бакубат жашоосуна бекем өбөлгө болуп берсин.