Улуу Жеңиш күнү — элибиз үчүн тарыхый мааниси терең, өзгөчө сый-урмат менен белгиленүүчү күн.
Бул күн — Мекен үчүн жан аябай күрөшкөн аталарыбыздын жана орукта талыкпай эмгектенген энелерибиздин кайратмандыгын, сабырдуулугун жана унутулбас эрдигин эскерген күн. Алардын кажыбас кайратынын аркасында биз бүгүн тынчтыкта жашап, келечекке ишеним менен карап келебиз.
«Альянс Алтын» компаниясы жалпы кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт.
Ардагерлерге терең таазим билдирип, ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ынтымак, бакубатчылык жана ачык асман каалайбыз. Баатыр муундун эрдиги ар дайым элибиздин эсинде болуп, мекенчилдиктин, биримдиктин жана жоопкерчиликтин улуу үлгүсү бойдон калсын.
Жеңиш күнүңүздөр кут болсун!
Улуу муунга даңк!