Улуу тоого чыккан барбы?
Улар үнүн уккан барбы?
30-июлда Жерүй кенинин кызматкери Рамазан Касымбеков жумуш учурунда карьердин жанынан 20дан ашык уларды видеого тартып алган.
Бир нече күн мурун бул аймакта 10го жакын улар байкалса, бул жолу алардын саны 22ге жеткен. Канаттуулар адамдардын жана техниканын үнүнөн чочубай, табигый шартта эркин жүрүшкөн.
Бул кадрлар — Жерүйдүн бийик тоолуу аймагында жапайы фаунанын жашоосу уланып жатканын көрсөткөн маанилүү факт. «Альянс Алтын» үчүн жаратылышты сактоо жана биоартүрдүүлүккө кам көрүү — экологиялык жоопкерчиликтин маанилүү бөлүгү.