Артка
30.04.2026 Экология

Талас шаарындагы «Жашыл мурас»: «Алтын альянс» аймактын жашылдануусуна салым кошту

Талас облусунда Президенттин «Жашыл мурас» улуттук демилгесинин алкагында ири жашылдандыруу долбоору ишке ашууда. Талас районундагы Чоң-Кошой өзөнүндө 100 гектар аянтка 88 миң көчөт отургузуу иши башталып, аймак бара-бара жашыл токойго айланууда.

Бул демилгеге «Альянс Алтын» компаниясы да кошулуп, демөөрчү катары 1 миллион 600 миң сом колдоо көрсөттү. Каражат техникаларды күйүүчү май менен камсыздоого жана башка зарыл чыгымдарды жабууга багытталды.

Долбоор КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Токой чарбачылыгы жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылууда. Бөлүнгөн каражаттар көчөт отургузууга, аймакты тосууга жана сугат системасын уюштурууга жумшалууда.

Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы бул акция башталгандан бери активдүү катышып келет. Буга чейин компания «Талас токоюн тазалоо» сыяктуу масштабдуу ишембиликтерди өткөрүп, Жерүй кени жана ага жакын жайгашкан айыл аймактарды жашылдандыруу боюнча демилгелерди ишке ашырган.