Кыргызстандын Жерүй кениндеги алтын руда комбинаты пайдаланууга берилди

17.03.2021

«Альянс Алтын» («Альянс Групптун» курамына кирет), ВТБ банкынын каржылык колдоосу менен, Жерүй кенине Кыргыз Республикасында уникалдуу тоо-кен иштетүү комплексин куруп, руда казып алгандан баштап алтын өндүрүүгө чейинки толук өндүрүштүк циклди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди. Таластагы алтын рудасы комбинатынын салтанаттуу ачылышына Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин (телекөпүрө аркылуу) жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты. Салтанатка ВТБ банкынын президенти Андрей Костин (телекөпүрө аркылуу) жана «Альянс Групп» ААКнын президенти Муса Бажаев катышты.

Жерүйдү курууда тоо-кен казуучу карьер иштелип чыгып, деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте жайгашкан, керектүү инфраструктура, анын ичинде жолдор жана энергия менен камсыздоо объекттери түзүлгөн. Рудаларды казып алуу 2019-жылдын ноябрь айында башталган.

Бүгүнкү күндө алтынды кайра иштетүү комплекси пайдаланууга берилди. Жылына 1,3 миллион тонна руданы кайра иштетүү боюнча долбоордук кубаттуулугу бар алтынды кайра иштетүүчү фабрика (ЗИФ) жана жарым-жартылай кургак (нымдуулук 20% га чейин) кектер сакталган калдык сактоочу жай бар. Учурдагы таштанды классификаторуна ылайык, фабрикасынын кектери 5-класска кирет (иш жүзүндө коопсуз). Кайра иштетүү комплекси сууну кайра иштетүү тутумун иштетет. Айлана-чөйрөгө эч кандай зыяны тийбейт.

«Альянс Групп» тобунун Президенти Муса Бажаев белгилегендей: «Бүгүн биз алтын рудасын иштетүүчү фабриканы жөн эле ишке киргизип жаткан жокпуз — биз стратегиялык өнөктөштөр Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы жаңы тарых барактарын ачып жатабыз. Мен ойлойм алдыдагы баардык маселелерди биргеликте чече алабыз деп.

Курулуп жаткан алтын руда комбинаты заманбап технологияларды колдонуу менен өнүккөн, экологиялык таза жана коопсуз өндүрүш. Алтын өндүрүүчү фабрика жылына 4 — 5 тонна же андан көп алтын өндүрөт. Ишкана бюджеттин жогорку натыйжалуулугу менен айырмаланат. Жерүй Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келе жатат. Долбоорго бүгүнкү күнгө чейин салынган инвестициялар 400 миллион доллардан ашты жана анын иштешинин аралыгында 600 миллион доллардан ашат. Кыргызстан Жерүйдөн миллиард доллардан ашуун салык төлөмдөрүн жана социалдык фонддорго чегерүүлөрдү алат», — деди ал.

ВТБ банкынын президенти Андрей Костин: «Жерүй кенин иштетүү — бул Россиядагы инвестор тарабынан ишке ашырылган Кыргыз Республикасындагы эң ири инвестициялык долбоор, ошондой эле ВТБ банкы үчүн ушул чөлкөмдөгү биринчи долбоор. Долбоордун Кыргызстан үчүн социалдык жана экономикалык мааниси чоң экендигин белгилегим келет. Жерүй алтындын аныкталган запасы боюнча өлкөдөгү ири кендердин бири болуп саналат жана аны иштетүү өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет. Мындан тышкары, Жерүй долбоору 1000ге жакын адамды жумуш менен камсыз кылат», — деп белгиледи Костин.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
Жерүй кени 100 тоннага жакын алтындын запасы менен Кыргызстандагы экинчи маанилүү алтын рудалуу кен. Жерүй долбоорунун өлкөнүн тоо-кен тармагындагы инвестициялардагы үлүшү болжол менен 50% ды түзөт (2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясынын 1-тиркемесине ылайык). Долбоордон Кыргыз Республикасынын бюджеттерине жана бюджеттен тышкаркы фондуларына чегерүүлөрдүн көлөмү 1 миллиард доллардан ашат.Баардыгы болуп Жерүйдө 93,7 тонна алтын өндүрүү пландаштырылууда, сатып алуу артыкчылыгы өкмөткө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына таандык.