EN KG RU
Каражаттар

2015-жылдын 4-майында Жерүй алтын кени чыккан жердин кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык жактан иликтөө максатында кенди пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын чечими менен конкурстун жеңүүчүсү деп «Русская платина» тобуна кирген «Восток-геолдобыча» ААК таанылган.

Конкурста «Восток-геолдобыча» Жерүйдү иштетүүдө төмөнкүдөй инновацияларды сунуштады:

  • Кенди атайын түшүрүү менен жер астында иштетүү жана аянтты ачык ыкма менен иштетүү тутуму.
  • Сенсордук технологияларды колдонуу менен алгачкы алынган кенди кошумча сорттоо.
  • Сорттолгон өнүмдү майдалаганга роллер-прессти колдонуу.
  • Концентраттарды ташууда гидро транспортту колдонуу.
  • Сорбцилык цианиддештирүүнүн алдында гравитациялык байытуу.
  • Озон менен цианидди бөлүп ажыратуу.
  • Кургатылган калдыктарды кампалоо (кургак кампалоо).

Жогорудагы инновациялар төмөнкүдөй ийгиликтерге жетүүгө багытталган:

Экономикалык артыкчылыктар:

  • Сыртта калган түзүмдөрдү азайтуунун натыйжасында камдыктарды көбөйтүү. Баланска кирбеген кендерди баланстык категорияларына которуу, ошондой эле түзүмү аз кенди кайра иштетүүгө кошумча камдыктарды 10-15%га көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
  • Алтын чыгаруучу фабрикага ташып келинген кен өнүмүндө алтындын курамын көбөйтүүнүн эсебинен кен жатактарын иштетүүнүн рентабелдүүлүгүн жогорулатуу.
  • Кен байытуучу фабрикага жумшалуучу капиталдык сарптоолорду анын кубаттуулугун азайтуунун эсебинен азайтуу.
  • Кендин курамын жогорулатуунун эсебинен тереңдикте кайра иштетүүгө чыгымдарды азайтуу.
  • Баштапкы стадияда (майдалоодон кийин) кенден бош тектерди чыгарып таштоонун эсебинен байытуучу фабрикага кенди ташууда транспорттук чыгымдарды азайтуу.
  • Кен жатагын иштетүүнүн мөөнөтүн кыскартуу – же камдыктарды көбөйтүүнүн эсебинен эксплуатация мөөнөтүн узартуу.

Технологиялык артыкчылыктар:

  • Тереңдикте иштетүүдө алтынды казып алууну көбөйтүү.
  • Туруктуу жогорку сапаттагы кенди казып алуунун эсебинен иштин технологиялык режимин оптималдаштыруу.
  • Кендеги алтындын курамын майдалоого жана цианиддештиргенге чейин жогорулатуу.
  • Кен байлыктарды рационалдуу колдонуу жана анын толуктугу.

Экологиялык артыкчылыктар:

  • Алдын ала сорттоодон кийин баштапкы стадияда жана аларды кургак кампалоодо тоо тектеринин ири бөлүктөрүн алуунун эсебинен калдыктар сактагычтын көлөмүн кыскартуу.
  • Бир эле убакытта алтынды чыгарууну көбөйтүү, экологиялык жүктү төмөндөтүү менен байытуучу комплекстин өндүрүштүк кубаттуулугун кыскартуу.
  • Гидротехникалык курулуштарды курууну минималдаштыруу, суюк калдыктар сактагычтын тосмосунун жырылуу коркунучун жок кылуу.
  • Кен жатагын иштетүүдөн кийин калдыктар сактагычты айыл чарба багытындагы жерлер фондуна кайтарып берүү.


Жерүйгө конкурс жөнүндө ЖМК:

ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК СЫНАК КОМИССИЯСЫНЫН ЧЕЧИМИ МЕНЕН «ВОСТОК-ГЕОЛДОБЫЧА» ААКсы "ЖЕРҮЙ" АЛТЫН КЕНИН ИШТЕТҮҮ ЖАНА ЖЕРҮЙДҮН АЯНТЫН ГЕОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН ИЛИКТӨӨ МАКСАТЫНДА КЕНДИ ПАЙДАЛАНУУ УКУГУНА ЛИЦЕНЗИЯ АЛЫНАТ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы 04.05.2015

Бүгүн 4-майда "Жерүй" алтын кенин иштетүү жана Жерүйдүн аянтын геологиялык жактан иликтөө максатында, кенди пайдалануу укугуна кайра сынак өткөрүү боюнча Ведомстволор аралык сынак комиссиясынын жыйынтыктоочу отуруму өттү.

Сынактын шарттарына ылайык, документтер сынак комиссиясы тарабынан баллдык тутуму боюнча тиешелүү критерийлер менен бааланган. Ведомстволор аралык сынак комиссиясынын чечими менен сынак комиссиясынын жана көзкарандысыз байкоочулардын мүчөлөрүнүн ичинен эсептик комиссиясы түзүлгөн. Эсептик комиссиясынын берген маалыматтары боюнча «Кыргызалтын» ААКсы 305 балл, «Восток-геолдобыча» ААКсы 405 балл алган, башкача айтканда, Сынак өткөрүүнүн шарттарына ылайык, эң жогорку баллды алган «Восток-геолдобыча» ААКсы сынактын жеңүүчү болуп таанылган.

Ошондой эле, Сынактын шарттарына ылайык «Восток-геолдобыча» ААКсы, сынакка коюлган объекттин кени менен пайдалануу укугуна алар сунуштаган сумманы толук төлөгөндөн кийин "Жерүй" алтын кенин иштетүү жана Жерүйдүн аянтын геологиялык жактан иликтөө максатында, кенди пайдалануу укугуна лицензияны алат.