“Альянс Алтын” компаниясы тарабынан уюшулган “Бакубат Талас” фондусу менен “Барчын” балдардын эс алуу жайынын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда облустун баардык аймактарынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 180 бала бекер жайкы эс алуу максатында аталган лагерге жеткирилген. Бул максатта фонд тарабынан балдардын тамак-ашына, жол киресине жана эс алуусуна ылайыкталып 550 мин сом каражат бөлүнгөн.