EN KG RU
“Бакубат Талас” фондусу Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Таласта ат оюндарын өткөрдү.

“Альянс-Алтын” ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмү

Талас шаарындагы Р. Алканов атындагы ат майданында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата «Альянс Алтын» ЖЧКму «Бакубат Талас» фондусу, Талас облустук «Ак Кула» ат оюндары федерациясы тарабынан улуттук ат оюндары боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. «Жорго салыш», «Тай чабыш», «Кунан чабыш» жана  «Аламан» байгелерге Талас жана Чүй облустарынын 100 дөн ашык чабандестер күч сынашса, аларды 1000 ден ашык көрүүчүлөр сүрөөнгө алышты. Иш чарага жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана “Бакубат Талас” фондусунун жетекчилиги катышып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды, мактоо баракчаларын жана медальдарды тапшырышты.