EN KG RU
Жетекчинин кайрылуусу

«Жерүй» долбоорун жүзөгө ашыруусу Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, республиканын дүйнөлүк экономикалык тутумунун интеграциясына көмөктөшөт. Инвестордун, мамлекеттин жана жергиликтүү коомдоштуктун ортосунда биздин компания ак ниеттүү өнөктөштүк мамилелердин үлгүсү болооруна ишенебиз.

«Альянс Алтын» өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык ишкердиктин жана этикалык стандарттарына ылайык, ишенимдүү кызматташуунун, ачык жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн, өзүнүн милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ишке ашырууда өз алдынчалыктын негизинде жүзөгө ашырат.

Ишибиздин негизги принциптери:

  • экономикалык майнаптуулукту жогорулатуу үчүн өндүрүштүн алдыңкы технологияларын пайдалануу;
  • өндүрүштүк коопсуздуктун стандарттарын кынтыксыз аткаруу, жаратылышты коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу;
  • калктын экономикалык дареметин кеңейтүүгө, жергиликтүү инфратүзүмдүн жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүнө көмөктөшүү.

Ишибиздин жогорку жоопкерчилигин түшүнүп, анын жалпы бакубаттык үчүн натыйжаларына ишенебиз.

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын директору