Геологиялык жана геологиялык чалгындоо жумуштары
2015-жылы төмөнкүдөй жумуш аткарылган:
- Жерүй кен жатагынын Түндүк-Батыш бөлүгүндөгү үймөлөктөнгөн кен участогунан технологиялык сынамды даярдоо жана тандоо;
- Жерүй кен жатагынын инженердик-геодезиялык иликтөөлөрү;
- Жерүй аянтында геологиялык чалгындоо жумуштарынын долбоору.
2016-жылы Жерүй аянтынын чегинде геологиялык чалгындоо жумуштарын аткаруу башталды. Жумушту “Түндүк-Кыргыз Геологиялык чалгындоо экспедиция” мамлекеттик мекемеси аткарат.
Кен жатагын долбоорлоо жана абактоо
2015-жылы төмөнкүдөй иштер аткарылды:
- Сынамдарды бөлүү жана машиналык класстарынын кендерин радиометрикалык байытуунун лабораториялык жана ирилештирилген изилдөөлөрдү жүргүзгөн (“Жерүй” ТБК АЧФ кендерди кайра иштетүүнүн технологиялык регламентин иштеп чыгуунун алкагында);
- Багыттык инженердик-экологиялык изилдөөлөр, ошондой эле лицензиялык жана жанаша аймактардын булгангандыгын баалоо үчүн геоэкологиялык сыноо.
2016-жылдын май айында комбинаттын инфратүзүмүнүн объекттерине караштуу инженердик изилдөөлөр боюнча иштер аткарылды (подрядчы ― «КыргызГИИЗ» ААКу).