EN KG RU
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралар

Долбоордук чечимдер айлана-чөйрөнү коргоонун үч деңгээлин камтыйт:

  • калдыктарды топуракты, сууну дренаж жана агындыдан коргоо үчүн чыпкалоого каршы экран менен корголгон атайын аянтчада зыянсыздаттыруу, суусуздандыруу жана жарым-жартылай кургак кампалоо; жүгүртмө суу менен камсыздоо (ишкананын жаңы сууга муктаждыгын азайтуу);
  • технологиялык процессте күкүрт кычкылдыгын колдонбостон активдештирилген көмүргө алтындын сорбциясы.

Терс таасирлерди төмөндөтүү боюнча чаралар:

жер ресурстарына:

  • иштерди долбоорлонгон аянтчалардын чегинде гана так аткаруу;
  • курулуш аяктаганда ― пландоочу иштерди аткаруу, курулуш таштандыларын тазалоо жана аймакты жайлаштыруу;
  • эксплуатациялык жумуштардын аягында ― төмөнкүлөрдү камтыган бузулган жерлердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүү:
  • техникалык этап (андан ары максаттуу колдонуу үчүн жерлерди даярдоо боюнча иштердин комплекси);
  • биологиялык этап (техникалык этап иштеринен кийин жерлерди калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар комплекси);
  • калдыктарды урунуунун эрежелерин аткаруу.

атмосфералык абага:

  • технологиялык газдарды жана аспирациялык абаны тазалоо түзүлүштөрү менен уюшулган чыгынды булактарын жабдуу. Натыйжалуулугу ― 85-95%;
  • оксиддин чыгындысын 80% азайткан, пайдаланып бүткөн газдарды бейтараптоонун күчөткүч тутуму менен заманбап дизелдик техниканы колдонуу;
  • жолдордун, катуу минералдык үйүндүлөрдүн аянтчаларынын чаңын басуу;
  • чаңдын чыгындысын 80-90% азайткан майдаланган кеңдердин кампасын жабуу.

флора жана фаунага

  • техниканы атайын жабдылган ички аянтчалардын жана аянтчалар аралык жолдордун чегинде гана жылдыруу;
  • кызыл китеп өсүмдүктөрү өскөн жерлерди алдын-ала текшерүү жана аларды жаратылышты коргоо органдары менен макулдашуу боюнча (зарыл болсо) кайра отургузуу;
  • жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин кокус өлүмүн алдын алуу үчүн өнөр жай аянтчаларын тосмолоо.

суу ресурстарына:

  • суу пайдалануунун жана суу кетирүүнүн техникалык жактан негизделген ченемдерин киргизүү;
  • долборлоо объекттерин суу агындарынын суу коргоо зоналарынын чектеринен тышкары жайгаштыруу;
  • булганган нөшөр агын сууларды инфратүзүм объекттеринин аянттарынын аймагынан тазалоо жана буруу;
  • конструкцияларда чыпкалоого каршы экранды колдонуу.

Экологиялык мониторинг жүргүзүү:

  • үстүнкү жана ичилчү суунун химиялык, бактериологиялык жана радиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча мониторинги;
  • катуу минералдык төкмөлөрдүн (КМТ) аянтчаларынын жанында байкоочу көзөнөктөрдөн жер астындагы суулардын мониторинги;
  • детоксификация түйүнүнөн кийин пульпанын жана химиялык көрсөткүчтөрү боюнча КМТда калдык суунун мониторинги;
  • комплекстин баардык объекттеринде жана жакынкы калктуу конуштарда абанын сапатынын мониторинги;
  • флоранын, фаунанын жана топурактын абалынын жана өзгөрүүлөрүнүн мониторинги;
  • ызы-чуунун, вибрациянын жана радиациялык кырдаалдын мониторинги;
  • метеобайкоо.