EN KG RU
Кен жатагынын жайгаштырылышы жана анын геологиялык түзүлүшү

Жерүй кен жатагы Талас облусунун Талас районунун аймагында, Төө-Ашуу жана Өтмөк ашуулары аркылуу Бишкек шаарынан 320 км чакырымда жайгашкан. Жакынкы Кара-Ой айылы Жерүйдөн 2,3 км аралыгында жайгашып, участок жердин катуу кыртыштуу жолу менен байланышкан. Таластан Жерүйгө чейин болжолу менен 70 км чакырымды түзөт.

Райондун рельефи бийик тоолуу, чукул түрдө мүчөлөнүшкөн, ашуулардын тийиштүү бийиктиги 500-800 м. түзөт. Райондун климаты чукул континенталдык. Кар октябрдын башында түшүп, майдын аягына июндун башына чейин жатат.

Жерүй алтын кварц формациясынын кен жатагына кирет. Алтын метасоматикалык кварцтоо чөлкөмдөрүнө, тамырларына жана тамырчаларына тушма-туш келтирилген. Кен жатагынын борбордук бөлүгү бай кварц-тамырчалар кенинен түзүлгөн.

Жерүй камдыгы

Жерүй алтын кени 1969-жылы ачылган. Мамлекеттик баланс боюнча 1984- жылдын 1-январына карата Жерүйдүн С1 + С2 категорияларынын баланстык камдыгы 12 376,6 миң тонна кенден жана 81 428 кг алтындан, теңделбеген С1 –категориясы― 3 250,3 миң тонна кенден жана 1 868 кг алтындан турат деп бекитилген.

2016-жылдын 1-январына карата Жерүйдүн камдыгынын көлөмү Кыргыз Республикасынын пайдалуу кен байлыктары боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй бекитилген: алтын – С1 + С2 категориялары боюнча балансы - 88 231 кг , теңделбегени -17 322 кг; күмүш - С2м категориясы боюнча балансы - 24 349 кг, теңделбегени - 6 004 кг көлөмдү түзөт.