EN KG RU
Туруктуу өнүктүрүү

«Альянс Алтын» ЖЧКсы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына жана эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык, кызыкдар тараптардын: жергиликтүү коомдоштуктун, персоналдын, акционерлердин, жөнөтүүчүлөрдүнкызыкчылыктарынын теңсалмактуулугун сактоодо бардык ишкердик чөйрөсүндө өндүрүштү жана экологиялык тобокелдерди максималдуу төмөндөтүү максаттарын жетекчиликке алып жүргүзөт.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:

  • экологиялык мониторингдин жана айлана-чөйрөнүн абалына экологиялык аспекттердин таасир этүүнү талдоонун натыйжаларынын негизинде башкаруу чечимдерин кабыл алууга;
  • булгоону алдын алуу жана айлана-чөйрөгө таасир этүүнү деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө;
  • айлана-чөйрөнү коргоо тармагында заманбап талаптарга жооп берген технологиялык процесстерди жана жабдууларды киргизүүгө;
  • санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык ченемдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө;
  • айлана-чөйрөнү коргоо тармагында персоналдын компетенттүүлүк деңгээлин туруктуу түрдө жогорулатууга;
  • айлана-чөйрөнү коргоо тармагында өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө ички жана тышкы кызыкдар тараптарды маалымдоону ишке ашырууга;
  • Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын, эл аралык макулдашууларды жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү тармактык ченемдик талаптарды так аткарууга.

АЧТБ документациясы “КРда айлана-чөйрөгө таасир этүүнү баалоону өткөрүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык иштелип чыккан ( КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы. № 60 буйругу).

«Альянс Алтын» ЖЧКсы Жерүй кен жатагы районунда 2015-жылдан тартып фондук социалдык-экономикалык жана экологиялык изилдөөлөрдү өткөрүп турат. Алардын максаты айлана-чөйрөнүн учурдагы абалын, маданий мурастарды жана социалдык-экономикалык кырдаалды баалоо болуп саналат.

Талаа иштери уруксат алган “Эко Сервис” ЖЧКсы жана “Чүй экологиялык лабораториясы” ЖЧКсы тарабынан SRK Consulting эл аралык көз карандысыз компаниясынын көмөгү менен жүргүзүлөт.

Изилдөөлөр программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • климаттык шарттарды;
  • атмосфералык абанын абалын;
  • радиациялык кырдаалды;
  • ызы-чуунун жана вибрациянын деңгээлдеринин абалын;
  • гидрогеологиялык шарттарды;
  • гидрологиялык шарттарды;
  • жер кыртышын баалоону;
  • флораны жана фаунаны баалоону;
  • тарыхый-маданий мурасты;
  • ташуу жүктөмүн;
  • социалдык-экономикалык изилдөөлөрдү.

АЧТБ шарттарына жана компаниянын саясатына ылайык «Альянс Алтын» ЖЧКсы мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып, дайыма жергиликтүү коомчулук менен коомдук кеңешүүлөрдү өткөрүп турат.

Айлана чөйрөнүн учурдагы абалын баалоону бул жерден жүктөп алса болот АЧТБ (АЧТБ (активдүү шилтеме, АЧТБ боюнча файлды жүктөө – орус./+кырг.).

Биз төмөнкүдөй даректер боюнча берилген суроолорго жооп берүүгө дайыма даярбыз:

  • электрондук почта боюнча info@alliance-altyn.kg
  • телефон боюнча +996 312 957 55 01.