EN KG RU
Компания жөнүндө

«Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коом “Восток-геолдобыча” ачык акционердик коому тарабынан уюмдаштырылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 2015-жылдын 2-июнунда Талас облусунун Талас районунун Сасык-Булк айылында катталган.

“Альянс Алтын” ЖЧКсынын ишинин негизги принциптери:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • экономикалык майнапталуукту, өндүрүштүк коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу алдыңкы технологияларды жана башкаруу усулдарын пайдалануу;
  • мамлекет жана жергиликтүү коомдошштуктар менен иштиктүү өз ара аракеттенүү.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы 2035-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөткө Жерүй кен жатагын иштетүү лицензиясына жана 2020-жылдын 28-августуна чейин Жерүй аянтын геологиялык-чалгындоо иштеринин лицензиясына ээ.

2015-жылы Жерүйдө геологиялык, топогеодезиялык, инженердик-экологиялык изилдөөлөр, ошондой эле кенди иштетүүнүн технологиялык регламентин кайра иштеп чыгуу башталган. Бул жумуштун алкагында 2015-жылы капиталдык салымдардын суммасы 679,4 миң $ түзгөн.

4230 АЕ лицензиясына №1 Лицензиялык келишимдин шарттарына ылайык “Альянс Алтын” 2016-жылдын 28-августуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга жана тийиштүү ведомстволорго Жерүй кен жатагын иштетүү боюнча техникалык долбоорлорду даярдайт жана сунуштайт.

2017-жылдын жаз айында тоо-байытуучу комплекстин курулушу пландаштырылган. жатат.

2018-2031 жылдары “Альянс Алтын” кенди ачык ыкма (карьер) менен жылына 1,3 млн тоннанын деңгээлинде кен иштетүүнү, суммардык түрдө 58,2 тонна алтын казып чыгууну пландаштырууда.

2031-2043 жылдарга жыл сайын кенди 700 миң тоннанын деңгээлинде жер алдында тоо иштери, суммардык түрдө 28,7 тонна алтын казып чыгаруу пландаштырууда.

Маалыматтар боюнча 2016-жылдын башына долбоорго капиталдык сарптоолор $307 млн. болуп бааланууда.