EN KG RU
Талас районунун Талды-Булак айылында жаңы спорт комплекстин ачылышы болду

Кыргыз Өкмөтүнүн токтомуна ылайык,  кенге лицензия берүүдөн бюджетке түшкөн 100 млн. АКШ доллардан Талас облусуна, Талас районуна жана кен жайгашкан «Бекмолдо» айыл өкмөтүнө 170 млн. сомдон акча каражаты бөлүнүп берилген. Мунун негизинде Талас районунда атайын «Өнүктүрүү фонду» түзүлүп, ал аркылуу айыл аймактардан түшкөн социалдык-экономикалык  долбоорлор каржыланууда.

Фонд аркылуу бөлүнгөн каражатка Талас районундагы дээрлик көпчүлүк айыл өкмөттөрү чарбалык иштерине өтө керектүү болгон айыл чарба техникаларын алышып, атайын муниципиалдык машина-трактордук станцияларды түзүшүүдө. Мындан тышкары айылдык жаштарды спорттук жактан колдоо максатында райондун бир катар айылдарында кичи футболдук талаачаларды салуу боюнча долбоорлор фонд тарабынан каржыланып, куруу иштери жүрүп жатат.

Алардын ичинен райондун борбору «Кок Ой» айылындагы, «Кууганды» айыл өкмөтүндөгү футбол талаалары айыл эли үчүн эшиктерин ачып иштөөдө. 22-июлда  райондун эң алыскы айылдарынын бири болгон «Искендер Осмонкулов» айыл өкмөтүндө Талды-Булак айылында дагы атайын спорт комплекс курулуп бүтүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилигинин катышуусунда расмий түрдө ачылышы болду.

Аталган комплекске айылдык кенештин мурдагы депутаты, «Эң мыкты муниципиалдык кызматкер» наамынын ээси, маркум Азамат Озубековдун ысымы ыйгарылды.  Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик органдарынын, айылдан чыгышкан жеке ишкерлердин  жана «Альянс Алтын» компаниясынын демөөрчүлүктөрү менен кичи футбол, волейбол, ордо жана грек-рим күрөшү боюнча райондук турнир уюштурулду.