EN KG RU
“Альянс Алтын” компаниясы Талас облусунун жеткинчектери үчүн бекер жайкы эс алуу уюштурду

“Альянс Алтын” компаниясы тарабынан уюшулган “Бакубат Талас” фондусу менен “Барчын” балдардын эс алуу жайынын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда облустун баардык аймактарынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн  180 бала бекер жайкы эс алуу максатында аталган лагерге жеткирилген. Бул максатта фонд тарабынан балдардын тамак-ашына, жол киресине жана эс алуусуна ылайыкталып 550 мин сом каражат бөлүнгөн.

Аталган жайдын педагогикалык жамааты тарабынан балдардын толук кандуу  эс алуусу үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Келечек ээлерин эстетикалык жактан тарбиялоо максатында атайын  маданий, спорттук иш-чаралар, сынактар  уюштурулуп, “Биз таланттарды издейбиз” долбоорунун аркасында эс алуучулардын жөндөмдөрү аныкталып,  алар сахнада өздөрүнүн таланттарын дагы көрсөтүүго мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле лагердин эс алуучулары  5 маал ысык тамак менен камсыз болушкан.

Аталган лагердин жетекчилигинин маалыматына караганда, лагердин имаратттары өткөн кылымдын  70-жылдары курулган. Ошондон бери каражаттын жоктугунан бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Быйылкы жылдын башында лагердин ремонту үчүн смета түзүлүп “Бакубат Талас” фондусуна атайын кайрылуу жолдонгон. Келечек ээлери үчүн болгон бул өтүнүч “Альянс Алтын” компаниясынын жетекчилиги жана “Бакубат Талас” фондусунун Байкоочу кеңеши тарабынан колдооого ээ болуп жыл башында 1 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул суммага лагердин балдар жатуучу үч корпусунун  кырк жеринен тешилген чатырлары жаңыртылып, ашкана, уктоочу бөлмөлөрү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

11-июль күнү балдардын эс алуусу аягына келип  лагерь менен коштошуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул саамалык  “Альянс Алтын” компаниясынын жетекчилиги, Талас районунун акими жана “Бакубат Талас”фондусунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда белгиленип, жайкы эс алуу учурунда өздөрүн баардык тараптан  активдүү көрсөтүшкөн келечек ээлери лагерь жетекчилиги тарабынан атайын мактоо баракчаларына ээ болушту. Ал эми “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлдөрү компаниянын эн тамгасы  түшүрүлгөн кепкаларды, балдардын эс алуусуна отө керектүү болгон спорттук шаймандарды жана балмуздак берүү менен лагердин эс алуучуларын кубанычка бөлөштү.