EN KG RU
“Бакубат Талас өнүктүрүү” фондусу Байкоочу кеңештин 30-ноябрдагы биринчи жыйынынын чечимдерин аткарып баштады

Байкоочу кеңештин чечимине ылайык, 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын  Эл аралык күнүнө карата Талас областынын Кара-Буура районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын “Аяр Жан” реабилитациялык борборунун ачылышында, фонддун директору Абданбек уулу Белек 280 миң сомдук сертификат тапшырды. Бул каражатка балдардын тамак ашын даярдоочу ашкана каражаттары, керебеттер, сыналгылар сатылып алынып, суу түтүктөрү орнотулмакчы. Ушул эле борборгон фонддун Байкоочу кеңешинин Кара-Буура районунан өкүлү Т. Казыбеков Бакубат Таластын атынан 10.000 сомдук газплита белек кылды.

Ушул эле иш-чаранын алкагында фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте областын башка райондорундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборлоруна дагы жардамдарды беришти:

•    Талас шаарындагы майып балдардын балдар бакчасына күнүмдүк тиричилике керектелүүчү өтө зарыл болгон каражаттарды сатып алуу үчүн 10 миң сом;

•   Талас районундагы “Талды Булак”  реабилитациялык борборунун электр энергиясы үчүн карызына 3 миң сом, дарыланууга өтө муктаж болгон балдарга 7 миң сом; 

•   Бакай Ата районундагы балдар интернат үйүнүн тарбиялануучуларына 10 миң сомго кышкы жылуу кийим-кечек; 

•   Манас районундагы реабилитациялык борборго жылытуу үчүн 10 миң сомго көмүр тапшырылды.

 

     Мындан тышкары Байкоочу кеңештин чечимине ылайык, Талас областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине 2 бөлмөлүү кызматтык үй куруу үчүн 1 млн.748 миң 973 сом, Талас шаарындагы согуштун жана эмгектин ардагерлеринин атайын областтык ооруканасынын капиталдык ремонтуна 1 млн. сом, Манас районундагы “Наристе” балдар бакчасынын капиталдык ремонту үчүн 306 миң 910 сом каражат фонд тарабынан каржыланат.