EN KG RU
Калкты колдоо боюнча иш-чаралар

2016 - жылдын декабры.

Келе жаткан жаңы жыл майрамдарына байланыштуу “Альянс Алтын” компаниясы Бекмолдо жана Омуралиев айыл аймагынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн куттуктап, аларга кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү.

2015-12_2

2016 - жыл.

23 - февраль. Мекен коргоочулардын күнүнө карата Таласта Талас облусунун укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын (чек арачылар, УКК, милиция, ӨКМ) ардагерлери үчүн куттуктоолор жана майрамдык дасторкон уюштурулду.

2016-02_1

2016-02_2

8 - март. Эл аралык аялдар күнүнө карата “Альянс Алтын” компаниясынын атынан Талас облусунун жана Талас районунун айымдарын (баатыр энелерди, майып энелерди, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн айымдарды, активист айымдарды) куттукташты. Айымдар үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, азык-түлүк баштыктар тапшырылды.

21 - март. Нооруз майрамынын урматына Талас районунун 800 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар бирине бир кап ун тапшырылды. Кайрымдуулук жардамдардын таратылышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жетекчилеринин, активисттердин жана журналисттердин катышуусунда болуп өттү.

2016-03_3

2016-03_1

2016-03_2

9 - май. Талас облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 71 жылдыгына арналган шаардык жана райондук иш-чаралар өткөрүлдү. "Альянс Алтын" компаниясынын атынан Талас облусунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 300 ардагери жана оорук эмгекчилери куттукталды. 9-майда маданият жана эс алуу паркында 20дан ашуун иш-чаралар өткөрүлдү: үйлөмө оркестрдин чыгышы, согуш жылдарынын ырларынын концерти жана театрдаштырылган оюндар, мастер-класстар жана кинокөрсөтүүлөр. Ардагерлер үчүн "Талас" ресторанында майрамдык дасторкон уюштурулуп, ар бир ардагерге кайрымдуулук жардамдар көрсөтүлдү.

2016-05_3

2016-05_4

2016-05_2

2016-05_1

15 - май. Энелер күнү 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен уюштурулган. Бул майрам Кыргызстанда майдын ар бир үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Бул жылы "Энелер күнү" 15-майга туш келген. "Альянс Алтын" компаниясынын атынан Талас облусунун эгиз жана үч эгиз төрөгөн, ошондой эле "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарынын ээлери куттукталды. Айымдар белектерди алышып, социалдык баштыктар түрүндө (күнүмдүк керектөөлөр азык-түлүктөрү) кайрымдуулук жардамдарын алышты.

2016-05_дм_1

2016-05_дм

2016-05_дм_2