EN KG RU
"Жер үй" алтын кени чыккан жерди иштетүү укугуна сынактын шарттарын "Восток-геолдобыча" ААКсынын аткарышы жөнүндө

14.08.2015

"Жер үй" кен чыккан жерге карата укуктар менен байланышкан доо коюулар боюнча мурдагы лицензиат, анын уюштуруучулары жана башка кызыкдар тараптар менен Кыргыз Республикасынын сотторунда, эл аралык соттордо Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын жеке өзүнүн каражатынын эсебинен коргоону камсыздоо милдеттенмесин жеңүүчү өзүнө ала тургандыгы сынактын шарттары менен каралган.

Сынактын талаптарын аткаруу максатында аны жеңген "Восток-геолдобыча" ААКсы инвестициялык талаш-тартыш маселелерин жөнгө салуу боюнча Эл аралык борбордо ICSID No. ARB/AF/13/1 арбитраж иши боюнча бирге доо коюучу катарында чыгуучу ConsolidatedExplorationHoldingsLtd. компаниясы менен жана Visor инвестициялык топ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында доо коюучулар менен жоопкер катары Кыргыз Республикасынын ортосунда ICSID No. ARB/AF/13/1 иши боюнча арбитраждык териштирүүнү токтотуу жөнүндө дүйнөлүк макулдашууга кол коюуга мүмкүндүк берген шарттарды түзгөн келишимдерге жетишилген.

"Восток-геолдобыча" ААКсы Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактын өнүгүү жана республикада инвестициялык жагдайды андан ары жакшыртуу кызыкчылыгында "Жер үй" кен чыккан жер боюнча сынактын шарттарын так аткарууга багытталган иштерди улантат.