20.08.2024
Жаңы окуу жылына карата Талас атайын жалпы билим берүүчү көмөкчү жатак мектебинин шарттары бир топ жакшырды. Аярлуу балдар окуган жатак мектепке “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду кезектеги колдоосун көрсөтүп, долбоор боюнча 971900 сом каржылады.
Натыйжада, мектептин жатаканасынын көйгөйлүү болгон эски чатыры алмаштырылып , заман талабындай болуп жаңыртылды. “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун жардамына жатак мектептин эмгек жамааты ыраазычылыктарын билдиришти. Себеби фонд буга чейин да аталган мектептин бир канча муктаждыктарын чечип берген.
Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Таластагы мындан башка дагы мектептерге ушундай каржылык колдоо көрсөтүп келатканы облустагы билим берүү тармагындагы кызматкерлерге белгилүү.