22.04.2025
КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин тапшырмасынын негизинде “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин колдоосу менен Талас Медициналык колледжине 3 млн. 550 миң сом бөлүндү.

Аталган каражат окуу жайдын имаратынын сыртын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жана жаңы тосмолорду орнотууга жумшалат.

Окуу жайдын шарттарын жакшыртууга кошкон салымы үчүн колледждин эмгек жамааты жана студенттери облус башчысына жана "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдиришүүдө.
