EN KG RU
Талас облустук оорукананын жүрөк оорулар бөлүмү заманбап заманбап болуп жаңыланат

23.04.2025

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин тапшырмасынын негизинде жана “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин колдоосу менен Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын Турсунбек Казаков атындагы жүрөк оорулар бөлүмүн оңдоп-түзөө үчүн 5 миллион 300 миң сом бөлүндү.

Бул каражат бөлүмдү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жана бейтаптар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталууда.

Учурда бөлүмдө оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта курулуш иштери толугу менен жыйынтыкталып, бөлүм пайдаланууга берилет.

“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду саламаттыкты сактоо тармагында ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келе жатат. Бул ирет да облустук деңгээлдеги маанилүү медициналык мекемеге колдоо көрсөтүлүп, калктын ден соолугун жакшыртууга салым кошулууда.