26.11.2024
Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылында Сагынбек Бекназаров атындагы ат майдан оңдоп-түзөөдөн өттү.

Айыл өкмөтү көрүүчүлөр үчүн үстү жабык орундуктарды жасап, ат майдандын бетин тегиздетип ж.б шарттарды түздү. Курулушу бүткөн ат майдандын ачылышын жасады.

Жергиликтүү бийликке “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду 820 миң сом колдоо көрсөтүп, көк-бөрүчүлөргө тай казандарды орнотуп берген. Саамалыкка “Альянс Алтын“ компаниясы да колдоо көрсөтүп, 150 миң сом демөөрчүлүк кылды.

Өз кезегинде Шумкар-Уя айыл өкмөтү салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондуна ыраазычылык кат тапшырды