04.06.2025

«Альянс Алтын» компаниясы Жерүй кенин иштетүүнүн алкагында Талас облусунун айлана-чөйрөсүн коргоого жана туруктуу өнүгүүсүнө багытталган экологиялык иш-чараларды ырааттуу жүзөгө ашырып келет. 2015-жылдан бери ишканада үч баскычтуу экологиялык коопсуздук системасы иштейт. Бул система радиациялык фонду, абанын, топурактын, жер үстүндөгү жана жер алдындагы суулардын, ошондой эле флора менен фаунанын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү камтыйт.
.jpg)
Бардык өлчөөлөр лицензиясы бар лабораториялар жана эл аралык эксперттер менен биргеликте жүргүзүлөт. Экологиялык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Кайра иштетүүчү комплексте 70,2 млн сомдук заманбап тазалоочу курулмалар иштейт. Алар суткасына 65 кубометрге чейин агынды сууларды тазалап, айлана-чөйрөнүн булгануусунун алдын алат. Ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иштер жүрүүдө: Мал-Кара капчыгайында компаниянын адистери жапайы жаныбарларды азыктандыруу үчүн 400 кг таш тузун жайгаштырышты. Техникалык чечимдер менен катар «Альянс Алтын» жергиликтүү жамаат менен активдүү кызматташат.

Талас облусунда компаниянын экологдору менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда тегерек үстөлдөр өткөрүлүп, жаратылышты коргоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланат. Ошондой эле ишкана кызматкерлери жана жергиликтүү эл катышкан ишембиликтер, тазалоо жана жашылдандыруу акциялары уюштурулат. Компания корпоративдик жоопкерчилик принциптерин карманат жана экологиялык жүктү азайтууга жана аймактын өнүгүшүнө багытталган туруктуу тажрыйбаларды мындан ары да ишке ашырууну улантат.

Жерүй кенин иштетүү башталгандан бери экологиялык фондго жалпысынан 434 млн 925 миң сом төлөнгөн, анын ичинде: – 71,7 млн сом – рекультивациялык фондго; – 129,7 млн сом – жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн; – 233,4 млн сом – экологиялык эмиссиялар үчүн.
