EN KG RU
"Жерүй" кенинде Металлургдар күнүнө арналган VI Спартакиада болуп өттү

20.07.2025

На руднике Джеруй состоялась VI ежегодная Спартакиада, приуроченная ко Дню металлурга. Это традиционное спортивное событие стало символом единства сотрудников компании «Альянс Алтын» и представителей подрядных организаций, укрепляя командный дух, взаимное уважение и корпоративную культуру.

Быйыл жарыш спорттун тогуз түрү боюнча өткөрүлдү: футбол, волейбол, ордо, дартс, стол тенниси, шахмат, аркан тартыш, тогуз коргоол жана гиря көтөрүү. Кыргыз элинин маданиятына жана каада-салтына болгон урмат-сыйдын белгиси катары жарыштын программасына улуттук спорттун түрлөрү киргизилген.

Кызматкерлер жарышка чын ыкласы менен катышып, бүйүр кызыткан таймашты көрсөтүштү. Ал эми колдоо көрсөтүп, сүрөп турган кесиптештери аларга дем-күч берип турду. Жеңүүчүлөргө татыктуу сыйлыктар тапшырылды.

"Альянс Алтын" компаниясы спорттук иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берген, мелдешке катышкан бардык адамдарга ыраазычылык билдирет. Жерүйдөгү Спартакиада – жөн гана мелдеш эмес, ынтымакты, достукту бекемдеген, сергек жашоого үндөгөн жарыш.