EN KG RU
"Восток-геолдобыча" ААКсы "Жер үй" алтын кени чыккан жерди иштетүү укугуна лицензия утуп алды

05.05.2015

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы

ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК СЫНАК КОМИССИЯСЫНЫН ЧЕЧИМИ МЕНЕН «ВОСТОК-ГЕОЛДОБЫЧА» ААКсы "ЖЕР ҮЙ" АЛТЫН КЕНИ ЧЫККАН ЖЕРДИН КЕНИН ИШТЕТҮҮ ЖАНА ЖЕР ҮЙДҮН АЯНТЫН ГЕОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН ИЛИКТӨӨ МАКСАТЫНДА КЕНДИ ПАЙДАЛАНУУ УКУГУНА ЛИЦЕНЗИЯ АЛАТ

4-майда "Жер үй" алтын кени чыккан жерди иштетүү жана Жер үйдүн аянтын геологиялык жактан иликтөө максатында, кенди пайдалануу укугуна кайрадан сынак өткөрүү боюнча Ведомстволор аралык сынак комиссиясынын жыйынтыктаган отуруму болуп өттү.

Сынак өткөрүүнүн шарттарына ылайык, документтер сынак комиссиясы тарабынан балл системасы боюнча тиешелүү критерийлер менен бааланат. Ведомстволор аралык сынак комиссиясынын чечими менен сынак комиссиясынын жана көз карандысыз байкоочулардын мүчөлөрүнүн ичинен эсеп комиссиясы түзүлгөн. Эсеп комиссиясынын берген маалыматтары боюнча «Кыргызалтын» ААКсы 305 балл, «Восток-геолдобыча» ААКсы 405 балл алган, башкача айтканда Сынак өткөрүүнүн шарттарына ылайык, эң жогорку баллды алган «Восток-геолдобыча» ААКсы сынактын жеңүүчү болуп табылган.

Ошондой эле Сынак өткөрүүнүн шарттарына ылайык «Восток-геолдобыча» ААКсы, сынакка коюлган объектинин кени менен пайдалануу укугуна алар сунуштаган сумманы толук төлөгөндөн кийин "Жер үй" алтын чыккан жерди иштетүү жана Жер үйдүн аянтын геологиялык жактан иликтөө максатында, кенди пайдалануу укугуна лицензияны алат.