EN KG RU
«Альянс Алтын» адистерди даярдоо программасын ачып жатат

25.07.2016

2016-жылдын 20-21-июлунда Бекмолдо айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө "Жер үй" кен чыккан жерге персоналдарды даярдоо программасынын алкагында абитуриенттерди тандоо боюнча сынак болуп өттү.

обучение


«Альянс Алтын» компаниясынын атайын иштелип чыккан окуу программасынын биринчи баскычында 20 адам 6 адистик боюнча: айдоочу – экспедитор, транспортту жана жабдууларды оңдоо боюнча слесарь, электрослесарь, стропальщик, кладовщик жана электрик окутуудан өтөт.

Программанын шарттарына ылайык, адистикке ээ болууну жана "Жер үй" кен чыккан жерде иштөөнү каалаган Талас областынын каалаган тургуну окууга арыз бере алат.

Абитуриенттерди тандоо боюнча комиссиянын курамына «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчылары кирген.

Комиссияга Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундарынан 267 анкета келип түшкөн, анын ичинен 30 адам: 20 – окутуу программасынын негизги катышуучулар, 10 – резервке тандалып алынган.

Комиссиянын медициналык оң корутундусуна ээ болгон (бийик тоо шартында иштөөгө жарайт деген) жана укук бузуу предметине карата компаниянын коопсуздук кызматы тарабынан текшерүүдөн өткөн программанын негизги катышуучулары өтүп жаткан жылдын 5-сентябрынан тартып жогоруда көрсөтүлгөн адистиктер боюнча №110 кесиптик лицейинин базасында (Талас областы, Манас айылы) окутуудан өтүшөт. Студенттерди Тармактар аралык Окуу Борборунун чакыртылган окутуучулары окутушат.