EN KG RU
Талас районунун айымдары 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата компаниясынан белектерди алышты

09.03.2017

“Альянс Алтын” компаниясы 8-марта аялдардын эл аралык майрамына карата Талас районунда өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларга катышты. Талас райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте “Көк Ой” айылынын маданият үйүндө айымдар үчүн майрамдык концерттик программа уюштурулуп, баатыр энелерге, көп балалуу турмуш шарты начар айымдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга күнүмдүк турмуш шартта өтө керек болгон азык-түлүктөр салынган пакеттер тапшырылды. Ушундай эле белектерге Талас районунун “Бекмолдо” айыл аймагынын айымдары дагы ээ болушту. “Альянс Алтын” жалпысынан бул күнү район аймагында жашаган 200 дөн ашык аял затына камкордук көрсөттү.

Урматтуу аял заты! Сиздер үй-бүлөнүн куту, очок ээси, коомдун эң ажарлуу бөлүгү катары өлкөнүн өнүгүшү үчүн ат көтөргүс жүктү моюнга алып чымырканып эмгектенип келесиздер. Сиздерге бекем ден-соолук, жарык маанай, тынч жана бакубат жашоо каалайбыз!

Урматтоо менен “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому.