EN KG RU
“Альянс-Алтын”ЖЧКсынын билдирүүсү

30.03.2017

“Альянс-Алтын” ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмү

Акыркы убакта бир катар жалпыгоо маалымдоо каражаттарында  Талас облусундагы “Жерүй” кенин иштетүү укугуна ээлик кылган   “Альянс Алтын” ЖЧКсына тийиштүү  чындыкка туура  келбеген көзкөрүнөө  маалымат жарыяланган.

Алсак, 27 мартта 24.kg сайтында “Жерүйдөгү алтынды да президентттик шайлоого аралаштырышабы?”, kaganat.kg сайтында “ Жерүй алтын кени Бабановду гана байытабы” деген аталыштагы макалалар жарык көргөн.  Буга байланыштуу “Альянс Алтын” ЖЧКсы, жогоруда көрсөтүлгөн жана башка ушул сыяктуу билдирүүлөрдө жазылып жаткан -  “Жерүй” долбоору кечиктирилип жатат өңдөнөт, Кыргыз Республикаынын  Жогорку Кеңешинин  депутаты Өмүрбек Бабановдун “Жерүй”  долбооруна катыштыгы бар окшойт деген маалымат  чындыкка туура келбейт деп маалымдайт.

“Альянс Алтын” лицензиялык келишим боюнча өзүнүн бардык милдеттенмелерин так аткарып келет. Кенди иштетүүнүн долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына экспертизага тапшырылган.  Быйылкы жылы, долбоор толук макулдашып бекитилгенден кийин, “Жерүй” аянтында курулуш иштерин баштоо пландалууда. Кенди иштетип баштоо 2018-жылга пландалган.

Лицензиялык талаптарга ылайык, 2016- жылы “Бакубат Талас” өнүктүрүү фондусу түзүлүп, Талас облусунда социалдык-экономикалык долбоорлорду  аткаруу боюнча иштеп жатат.

“Жерүй”- бул узак мөөнөттүү инвестициялык долбоор экенин баса белгилейбиз, анын ийгиликтүү аткарылышы жалпы эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым болмокчу. “Альянс Алтын” ЖЧКсы коммерциялык ишкана жана саясаттан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барат.

“Жерүй” кенин саясий өңүттө пайдалануу аракеттери  жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгына залакасын келтирет деп эсептейбиз.