EN KG RU
“Жерүй” алтын кенин иштетүү маселелелри Талас облусунун жашоочулары менен талкууланды

10.04.2017

“Альянс-Алтын” ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмү

2017-жылдын  31-мартында Талас шаарындагы “Кырк Чоро” кинотеатрында  “Аляьнс Алтын” ЖЧКсы жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүп, анда жалпысынан 350 ашык киши -  коомдук жана бейөкмөт уюмдардын  өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, облустун башка уюм-мекемелеринин жетекчилери менен катар жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарыым укуктуу өкүлү Д.Кенекеев, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (ӨЭЖКМК)  төрагасы Д. Зилалиев, анын орун басары А. Сапаралиев, Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары  Р. Артыкбаев, Экономика министрлигинин жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана ошондой эле “Русская Платина” ЖЧКсынын  өкүлдөрү  катышты.

Алгач жыйынды КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү ачып , андан кийин “Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директору М.Шубин компаниянын лицензиялык милдеттенмелерди аткаруу боюнча, Жерүйдү иштетүүдөгү негизги техникалык чечимдер, 2016- жылы аткарылган иштер жана үстүбүздөгү жылга карата пландар тууралуу кенен баяндама жасады.  Ал Техникалык долбоордун  бардык бөлүмдөрү эл аралык стандарттарга ылайык, экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздуктун талаптарын эске алуу менен иштелип чыккандыгын белгиледи.

«Альянс Алтындын» жетекчиси  компания Жерүйдө аянт ичиндеги жолдорду курууга тендер өткөрүп, анын жеңүүчүсү болуп таластык “Жолчу” ишканасы табылганын, аны менен келишим түзүлгөнүн билдирди. Апрель айынын ортосунда “Жолчу” аянтка чыгып, иштерди баштамакчы. Мындан тышкары апрелдин аягында дагы эки ишкана жол курулуш иштерине чыгышы күтүлүүдө. Мунун баары Жерүйдө чоң курулуштун башталышын билдирмекчи. 

Ошондой эле, М. Шубин жакын арада “Альянс Алтын” Жерүйдөгү иштерди аткаруу үчүн жумушчуларды даярдоо программасын улантат деп маалымдады.  Жылдын аягына чейин компаниянын жамаатынын саны учурдагы 45тен дээрлик 150 кишиге чейин көбөөөрү пландалууда. Жерүйгө жумушка алуу негизинен 2018-жылы жүргүзүлөкчү – тоо кен жумушчулар, кен байытуучулар жана башка адистерге суроо талап болот.  Келечекте, ишкана толук кубаттуукта иштеп баштаганда 1000 жакын жумушчу орун түзүлүп, анын 90% кыргызстандыктар түзөт. Жерүйгө компания конкурстук негизде жергиликтүү элдин арасынан, мамлекеттин башка жарандарынан кесипкөй адистерди жана тийиштүү даярдыктан өткөн  Талас жаштарын тартууну көздөйт.  Ошондой эле, жергиликтүү жарандар үчүн Жерүйдө компанияны тейлөөгө байланыштуу ишкерликти өнүктүрүүгө дагы мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. 

Жыйындын жүрүшүндө «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары К.Мусаев сөз сүйлөдү. Ал компания өз ишмердүүлүгүн социалдык жоопкерчилик принцибинин негизинде жүргүзүп жаткандыгын белгилеп, катышуучуларга облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүн колдоо максатында компания аткарып жаткан иш-чаралар, калктын социалдык жактан аяр катмарларына жана аз камсыз топторго көрсөткөн жардамына токтолду. “Бакубат Талас” фондусунун 2016-жылдагы ишмердүүлүгүнүн алгачкы жыйынтыктары баяндалды. 

Андан ары жыйын суроо-жооп форматында улантылды.  Жергиликтүү элдин кызыкчылыгын  ар тараптуу маселелер жаратты – лицензиялык милдеттенмелердин аткарылышы , кенди иштетүүнүн мөөнөтү, экологиядан баштап, казып алынган алтын кайда сатылат, кирешенин көлөмү канча болот, таластыктардын пайдасына чейин суроолор узатылды. Бардык берилген суроолорго катышуучулар  «Альянс Алтын» ЖЧКсынын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн кеңири жана так жоопторду алышты. Алсак, облус башчысы Д.Кенекеев «Альянс Алтын» экологиялык коопсуздук кепилдигин камсыз кылаарын, аны эколог адистер да тастыктап жатканын белгиледи.

ӨЭЖКМК  төрагасы Д. Зилалиев Жерүйдү иштетүүнүн Техникалык долбоорунун бөлүмдөрүнүн көпчүлүгү мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алгандыгын, учурда анын экөөсү - алтын чыгаруучу фабриканы жана калдыктарды сактоочу жайын долбоорлоо калганын маалымдады. “ Бул эң татаал жана жоопкерчиликтүү бөлүмдөр, ошондуктан аларды кароо жана макулдашуу мамлекеттик органдарда өтө кылдат жүрүп жатат, ошондуктан бул иштерге уруксат жакынкы 3-4 айда берилиши күтүлүүдө” деди Д.Зилалиев. 

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулардан түшкөн ар кыл сунуштар жалпыланып, компанияын ишинде сөзсүз эске алынары белгиленди. Ошондой эле, «Альянс Алтын»  ЖЧКсынын жана  «Бакубат Талас» фондусунун дарегине социалдык  колдоо үчүн ыраазычылык сөздөрү айтылды. 

Жалпысынан жыйындын катышуучулары Жерүйдүн иштетилишин колдоого алышты. Ал эми «Альянс Алтын» компаниясы  жергиликтүү эл менен мындан ары дагы тыгыз байланышта иш алынып барыларын, иштин ыргактуу жүрүшү үчүн жергиликтүү элден атайын сунуш-пикирлер үчүн дайым ачык экендигин белгиледи.

Жогоруда айтылгандардын баары Талас облусунда 31-мартта жергиликтүү эл менен маалымат жыйыны  ийгиликтүү өткөндүгүн жана өз максатына жеткендигин тастыктайт.