EN KG RU
Ардагер геологдор “Жерүйдүн” ишке киришин күтүшүүдө

10.04.2017

“Альянс-Алтын” ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмү

“Жерүй” алтын кенинин ийгиликтүү ишке кириши өлкө экономикасындагы чоң өсүштөргө негиз болот. Мындай пикирлерин окумуштуу геологдор, тоо-кенчилер ассоциациясынын өкүлдөрү, 3-апрелде Геологдор күнүнө карата  “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому менен “Тоо кен технологиялары жана геология институту” биргеликте уюштурган  “Жерүй” алтын кенинин тарыхы жана келечеги” деген темадагы илимий-практикалык конференцияда билдиришти. 70-80 жаштан өтүп калышкан ардагер геологдордун көпчүлүгү “Жерүй” алтын кенинин корун аныктап, алгачкы изилдөөлөргө алардын түздөн түз катыштары бар экендиктерин белгилешип, кенди тез арада өндүрүшкө киргизүүгө кызыктар болуп жатышканын айтышты. Ошондой эле ардагерлер кенди изилдөө ишинде чоң эмгек сиңирген “Жерүй” участкасынын биринчи жетекчиси болгон геолог Чынтемир Иманалиевдин эмгектерин дагы эскеришти.     Конференцияга конок катары чакырылган Кыргыз Республикасынын мурдагы Өкмөт башчысы Апас Жумагулов “Жерүй” кенинин ийгиликтүү ишке кириши Талас облусундагы  бир катар социалдык-экономикалык кыйынчылыктардын оң жагына чечилишин камсыздаарын, бул  өлкөдөгү эң ири экономикалык долбоорлордун бири экендигине токтолду. Иш-чаранын жүрүшүндө аталган институттун студенттери жана жаш окутуучулары арасында өткөрүлгөн илимий докладдардын сынагында жеңүүчү деп табылган эмгек ээлери “Альянс Алтын” компаниясынын акчалай сыйлыктарына ээ болушту. Биринчи орунду “Алтын чайкоого, изилдөөгө жасалган атайын алтын жуугуч темасында докладдын ээси болгон студент Максат Жээнбаев жеңип алса, экинчи, үчүнчү орундарды Сергей Хренов, Анна Гончаренко аттуу студенттер багындырышты. Мындан тышкары Геологдор күнүнө карата институттун студенттери арасында уюштурулган Викторинанын жыйынтыгы чыгарылып, 6 команданын ичинен эң мыкты деп табылган 4 командага (геологдор, баррель-нефть, посейдон жана ойл-файф) дагы Альянс Алтындын атынан акчалай байгелер  ыйгарылды. Жыйынтыгында коференциянын катышуучуларына “Альянс Алтын” компаниясынын атынан сый-тамак уюуштурулуп, 16  ардагер геологдорго акчалай сыйлыктар тапшырылды.