EN KG RU
"Жерүй" алтын кенинде курулуш иштери башталды

19.04.2017

“Альянс-Алтын” ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмү

“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому лицензиялык макулдашууда белгиленгендей техникалык-экономикалык негиздемелердин долбоорлорунун алгачкыларына мамлекеттик тийиштүү органдардан экспертизалык макулдашуу алып “Жерүй” участогунда алгачкы курулуш иштерин баштады.

Компаниянын планы боюнча алгачкылардан болуп Бишкек-Суусамыр-Талас-Тараз авто жолунан баштап кенге карай кеткен 3 км жолду оңдоп түзөө каралган. Аталган аймактагы буйрутманы аткаруу үчүн “Альянс Алтын” жарыялаган сынакта  жеңүүчү деп табылган Талас районундагы “Жолчу” жабык акционердик коому жол куруу иштерин баштады. Техникалык буйрутмага ылайык бардык жумуштар 4 айдын аралыгында бүткөрүлүшү керек. Азырынча курулуш иштерине 8 атайын техника тартылып, 20 жумушчу иштеп жатат. Мындан тышкары жергиликтүү элден дагы 3 адам иш менен камсыз болду. Иштин  алга жылышы менен жумушчулардын саны дагы өсөт. Альянс Алтындын жол курулуш компанияларына негизги талаптарынын бири дагы кара жумуштарга керек болуучу жумушчу күчүн Талас облусунун жергиликтүү тургундарынын  арасынан алуу болгон.

Ушундай эле курулуш иштери жумушчулар жашоочу атайын кыштактагы көп кабаттуу имараттардын биринде дагы жүргүзүлдү. Бул буйрутманы аткарууга дагы Бекмолдо айыл аймагына караштуу айылдардын  жашоочуларынан турган курулушчулардын тобу тартылган. Алар кендеги жумушчулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо максатында кыштактагы көп кабаттуу имараттардын бирин жумушчулардын жашоосу үчүн ыңгайлаштырып  оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп бүтүштү. Учурда имараттын эшигинин алдына таман таш төшөө иштери аткарылууда. Аталган кыштактагы дагы 2 көп кабаттуу имараттардын, ашкананын ремонттон өткөрүү иштери дагы жакында башталганы турат.