EN KG RU
Талас областынын тургундары "Жер үй" кен чыккан жердин коопсуздугу боюнча долбоорду колдошту

08.07.2016

Булагы: "Вечерний Бишкек"

Талас областында "Жер үй" алтын кени чыккан жерди иштетүүдөн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча коомдук уктуруу болуп өткөндүгү тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

2016-07-04_слушания

Айтылгандай эле, Жер үй кен чыккан жердин айланасындагы аймактын экологиялык коопсуздугун сактоо боюнча долбоордун презентациясы Таласта Бекмолдо айыл өкмөтүндө болуп өткөн. Уктурууну Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен "Альянс Алтын" ЖЧКсы биргеликте уюштурган.

Белгилеп кетчү нерсе, жолугушууга Талас областынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү калк, өкмөттүк эмес коомдук жана экологиялык уюмдар, Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана компаниянын кызматкерлери катышты.

"Альянс Алтын" компаниясынын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча кен чыккан жерден алтынды өндүрүүдө анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири минималдуу болот, компания зыян келтирүүнү кыскартуу жана жаратылыш чөйрөсүн баштапкы абалга келтирүү боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алууга милдеттенет.

Алсак, бардык пайда болгон булганган сууларды топтоо жана тазалоо, калдыктарды зыянсыздандыруу жана аларды жарым кургак кылып бекитүү, бузулган жерлерди калыбына келтирүү (рекультивациялоо) жана аларды пайдаланууга кайтарып берүү д.у.с. иштер боюнча чаралар көрүлүп турат.

Мамлекеттик органдар менен компаниянын өкүлдөрү катышуучулардын бардык суроолоруна жоп беришти. Мындан тышкары, компания жергиликтүү калк алдында социалдык жоопкерчилик пакетин берүү долбоорун сунуштады. Социалдык пакетти камсыздоо үчүн "Бакубат Талас" фонду түзүлгөн, анын эсебине азыркы убакта 35 млн сом түшкөн.

Жергиликтүү калк сунушталган долбоорду колдоого алышты.