EN KG RU
“Альянс Алтын” энелерге урмат-сый көрсөттү

25.05.2017

Тарых, маданият, адеп жана ыйман жылына карата, Энелер күнүнүн урматына “Альянс Алтын” компаниясы Талас районунун айымдары арасында Волейбол боюнча “Альянс Алтын” кубогун өткөрдү.

Бекмолдо айыл аймагындагы “Хан Бүргө” спорттук комплексинде белгиленген бул спорттук иш-чарага райондогу Р. Айдаралиев, Жергетал айыл аймактарынын мугалимдеринен, И.Осмонкулов айыл аймагынын мугалимдери жана медицина кызматкерлеринен, ошондой эле Бекмолдо айыл аймагына караштуу Кара Ой, Сасык Булак, Кеңеш, Хан Бүргө айылдарындагы орто мектептердин мугалимдери, окуучулары жана келиндеринен турган 11 командада 100 гө жакын айымдар катышып, өз ара күч сынашты.

Орто мектептердин мугалимдеринен, айыл келиндеринен  турган 8 команда өз ара беттешсе, мектеп окуучуларынан турган 3 команда өзүнчө оюн талаасына чыгышты. Жыйынтыгында окуучулар арасындагы беттеште 1-орунга Сасык Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектептин тарбиялануучулары чыкса, экинчи орунга Кара Ой айылындагы А. Бөрүбаев атындагы орто мектептин окуучулары жетишип, 3-байгелүү орунду Чоң Токой айылынын Хан Бүргө орто мектебинин кыздары багындырышты. Ал эми мектептердин мугалимдери, айыл келиндери арасындагы кызуу мелдештин биринчи байгесине Кара Ой айылындагы А. Бөрүбаев атындагы орто мектептин мугалимдер командасы ээ болушса, калган байгелүү үч орунду И. Осмонкулов айыл аймагындагы М. Туйтунов атындагы Бакай Таш орто  мектебинин мугалимдери, Сасык Булак, Кеңеш айылдарынын келиндери багындырышты. Жеңишке жетишкен ар бир командага “Альянс Алтын” компаниясынын кубогу, медальдар жана акчалай байгелер тапшырылды.

Ошондой эле ар бир командадан мыкты оюнчулар тандалып, алар дагы “Альянс Алтындын” атайын кызыктыруучу сыйлыктарына ээ болушту. Альянс Алтын компаниясы мелдештин жүрүшүндө жеңишке жетипей калган башка командаларды дагы эстен чыгарбай акчалай колдоо көрсөттү.

Байгелерди тапшырып жатып, “Альянс Алтын компаниясынын башкы директорунун орун басары К. Мусаев,”Аялзаты Сиздер очок ээлери, үйдүн куту, адамзаттын тукумун улоочу асылзатсыздар. Сиздер үчүн майрамдык маанай тартуулап, жүзүңүздөрдөн жагымдуу жылмаю көрүү биз үчүн бакыт”-деп белгиледи.

Мындан тышкары Талас шаарындагы музыкалык мектепте областагы активдүү айымдарга КР Талас областындагы өкүлчүлүгүнүн атынан энелер күнүнө карата акчалай сыйлыктар, атайын белектер тапшырылды. “Альянс Алтын” компаниясы жана “Баубат Талас” фонду дагы аталган иш чарага катышып, энелерди майрамы менен куттуктап 50 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү.