EN KG RU
«Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»

30.05.2017

Талас районуна караштуу Кара-Ой айылындагы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектебинде залкар акын Байдылда Сарногоевдин 85-жылдыгына карата “Кыргыз деп келгем дүйнөгө, Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн” деген аталыштагы мектеп окуучулар арасындагы кароо сынак болуп өттү.

Иш чара Талас районунун жана Талас шаарынын мектеп окуучулары арасында болуп, жалпысынан гимназия, орто мектеп жана лицейлерди алганда  38 билим берүү мекемелеринин тарбиялануучулары  катышты. Сынакта катышуучулар 5 номинацияда күч сынашты: көркөм окуу, акындын ырларынан сахналаштырылган сценка аткаруу, обондуу ырларынан аткаруу, “Байдылда кыргыз элинин үнү, жагымдуу торгойу” деген темадагы сүрөт тартуу, жаш акындар таймашы.

Иш-чараны  мектеп директору Мүсүралиева Бактыгүл ачып, алгач сөздү  СССРдин эл агартуусунун отличниги, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү,   элеттик акын Кенжетай Атагуловго берди. Ал акынга байланышкан “Сарногойдун сазы” деген аталыштагы ырын окуу менен акынды эскерди.Андан кийин иш-чаранын негизги демөөрчүсү болгон “Альянс Алтын” ЖЧКсынын өкүлү Э. Кенжетаев сөз сүйлөп компания област аймагындагы бир катар маданий, агартуу, спорттук, социалдык маанидеги иш-чараларды колдоого алып жаткандыгын, келечек ээлери болгон жаштардын ар бир пайдалуу демилгеси мындан ары дагы Альянс Алтындын көңүл борборунда болорун билдирди. Программанын башталышында акындын өмүр баяны жана басып өткөн жолу тууралуу слайд көргөзүлүп, мектеп жамааты акындын обондуу ырларын хор менен ырдашып, сахналаштырылган номерлер аткарылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында ар бир номинацияда 1,2,3,4 орунду ээлеген жеңүүчүлөргө грамота жана белектер тапшырылып, жалпысынан 20 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту. Мындан тышкары бешинчи жана алтынчы орунду алган окуучулар да эске алынып, алрга да кызыктыруучу байгелер каралды. Сынакка катышкан 38 мектептин ичинен Талас районундагы Р. Айдаралиев, К. Нанаев, А. Огонбаев,  Талас шаарындагы  № 1 орто мектептеринен  келген жаш таланттар байгелүү орундарды багындырышты. Жыйынтыгында акындын жаркын элесине арналып куран окутулду.