EN KG RU
"Альянс Алтын" айт майрамын утурлай ооз ачыруу иш чарасын уюштурду

26.06.2017

 

"Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому Талас облусунун баардык шаар-райондорунун өкүлдөрүнөн турган 500 орозо кармоочуларга Талас шаарындагы “Талас ресторанында ооз ачырды. Коноктордун арасында коомубуздун баардык тармактарынан өкүлдөр,  аксакалдар, жаштар, аялдар, имамдар, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер болушту.

Катышуучуларды КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д. Кенекеев ыйык Рамазан айы менен куттуктап, “Альянс Алтын”     компаниясынын областын экономикалык-социалдык өнүгүүсү үчүн мааниси зор экендигин белгиледи.

“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун Башкы директорунун орун басары К. Мусаев дагы облус тургундарын орозосу менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө байгерчилик, жетишкендик каалады.