EN KG RU
“Жерүй” алтын кенинде учурда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат

11.09.2017

Подряддык мекемелер Объектилер Статус
Аянтчалар аралык жолдор:
1 «Жолчу» жоопкерчилиги чектелген коому Курулушу толук бүтө эле “Кара-Ой-АӨФ (алтын өндүрүүчү фабрика) автоунаа жолу 0-3,3км.   Объект эксплуатацияга берилди.
2 «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коому   АӨФ дан тышкы карьердик жолго чейин кен ташуучу жол 3,3-19,9 км. Иш 2017-жылдын 27-апрелинде башталган. Учурда курулуш монтаждык жумуштардын 59 пайызы аткарылган.
3 «Унистрой» жоопкерчилиги чектелген коому АӨФ дан тышкы карьердик жолго чейин кен ташуучу жол 19,9 – 33 км. 2017-жылдын 6-сентябрынан баштап атайын техникалары менен жумушчуларды “Жерүй” кени жайгашкан аймака чогултууда.
4 «Кербенжолкурулуш» ачык акционердик коому «АӨФ дан тышкы карьердик жолго чейин кен ташуучу жол 0- 2,2 км. 2017-жылдын 7-сентябрынан баштап атайын техникалары менен жумушчуларды “Жерүй” кени жайгашкан аймака чогултууда. техники и людей.
Ачык тоо жумуштарын жүргүзүү
5  «Бижидриллинг» жоопкерчилиги чектелген коому Ички аянтчалар аралык карьералык жолдор 2017-жылдын 18-июлунан тартып жер кыртышын изилдөө, жардыруу иштерин жасап жатышат.
Аянтчалар аралык электр менен камсыздоо
6  «Мехколонна КЭСС» жоопкерчилиги чектелген коому 15,2 км. аймактагы 110 кв. жогорку чыңалуудагы электер чубалгысын калыбына келтирүү иштери. 2017-жылдын 2-майында калыбына келтирүү иш-чараларын башташкан. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аягына чыгарылды. 30-августа жумушчу комиссиясы өткөрүлгөн. Толук ишти бүтүрүү 13-сентябрга каралган.
Жалпы курулуш иштери
7 “Арлан” жоопкерчилиги чектелген коому   Жатакананын «А» жана «Б» блокторун, ашкананы калыбына келтирүү 2017-жылдын 1-июнунан башталган. Учурда жалпы иштин 25 пайызы аткарылып бүттү.  
8 «Баден Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому Күйүүчү-майлоочу майларды сактоочу кампа 2017-жылдын 4-августунда иш башталды. Бүгүнкү күнгө жалпы курулуш-монтаждоо иштеринин 8 пайызы бүткөрүлгөн.